ИИМ психотроптук заттарды жасаган лаборатория аныкталганын билдирди

Баасы 9 миллион 900 миң сом болгон психотроптук заттар менен баңгизатын жасаган лаборатория жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. 

Министрликтин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы баңгизаттарды жашыруунун жасап жүргөн жаранды кармашкан. Маалыматка ылайык, шектүүнүн ижарага алып жашаган батиринен психотроптук заттарды жасаган лаборатория аныкталып, далил буюмдар алынды.

«Ал жерде «мефедрон» жана «Альфа PVP» психотроптук заттар өндүрүлгөн. Алардын жалпы баасы 9 миллион 900 миң сом болгон. Кармалган шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталды»,  -деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, шектүү маңзатты интернет аркылуу сатып жүргөн. Учурда бул кылмашка тиешелүү башка жарандарды аныктоо жүрүп жатат.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*