
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 30-декабрдагы маалыматына караганда, өлкө боюнча коронавирустан дагы бир киши кайтыш болду. Ушуну менен идеттен жалпы 2800 киши көз жумду.
Өткөн суткада 41 адам COVID-19 вирусун жаңы жуктуруп алганы аныкталган. Алардын басымдуу бөлүгү борбор калаада.
- Бишкек шаары — 24
- Ош шаары — 1
- Чүй облусу — 4
- Ош облусу — 4
- Талас — 1
- Ысык-Көл облусу — 5
- Жалал-Абад облусу — 2
Баткен жана Нарын облустарында вирус жуктургандар катталган жок. Азыркы учурда өлкө боюнча 255 адам медициналык жардамды ооруканадан, 315 киши үйүнөн алууда.
Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 30-декабрга карата 1 млн. 226 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын бир миллиондон ашууну эки дозаны тең сайдырышты.
Оставьте первый комментарий