Президент депутаттарга: иш башкармалыкты бөлүү пикириңиздерден кайткыла

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш менен президенттин Иш башкармалыгынын биригиши боюнча депутаттардын айткандарына жооп берди. 

Өлкө башчы «Фейсбуктагы» баракчасына жазган постунда Иш башкармалыктардын өзүнчө болушу көп каражатты талап кыларын белгилеген.

«Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы президенттин Иш башкармалыгы менен биригип калыптыр, кайра өзүнчө бөлүп алалы» деген пикирлериңиздерден кайтышыңыздарды өтүнөм. Президентти, парламентти, Министрлер кабинетин бир эле Иш башкармалык тейлейт. Баарына бирдей баш ийет. Себеби бул — мамлекеттик мекеме. Силерди тейлейм, а силерди тейлебейм деген принцип болбойт. Эмне муктаждык болсо, билдирме бересиздер камсыз кылышат. Кылбайбы, арыз жазгыла. Жетекчилери дароо жооп беришет, керек болсо кызматтан кетишет. Өзүнчө бөлүп алганыңарда бюджеттен кошумча көп каражат кетет. Кошумча штаттар ачылат. Элдин акчасын үнөмдөйлү. Өзүнчө бөлүп алсаңыздар эле бир башкача тейленип кетпейсиздер. Баарыбызды бир эле Иш башкармалык бирдей тейлеп жатат жана тейлей берет. Төшөгүбүзгө жараша бутубузду суналы. Элдин акчасын үнөмдөө үчүн баарын бириктирип, бир эле башкармалык тейлесин дедик».

Жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин 29-декабрдагы алгачкы отурумунда айрым депутаттар парламенттин Иш башкармалыгы президенттин Иш башкармалыгына бириктирилишин сынга алган эле.

Декабрдын башында президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгын президенттин Иш башкармасына бириктирген. Жарлыкта бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында жарыяланганы айтылган.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы бул жарлыктын негизинде Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын базасында президенттин Иш башкармасы түзүлөрүн билдирген. Президенттин Иш башкармасы өлкө башчынын, Жогорку Кеңештин, Министрлер кабинетинин, президенттин администрациясынын жана парламенттин аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону ишке ашырат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо