
Акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө коронавирусту даны 56 киши жуктуруп алды. Илдеттен 48 адам айыгып, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:
Бишкек – 41;
Чүй – 1;
Ош облусу– 2;
Талас – 2;
Жалал-Абад – 7;
Баткен – 3.
Учурда ооруканаларда 257 бейтап, үй шартында 319 адам дарыланууда.
Пандемия башталгандан бери жалпы жуктургандардын саны 184 миң 689га жетти. Алардын ичинен 179 миң 826 киши айыкты. Курмандыктар 2 802.
Оставьте первый комментарий