
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Алар түрдүү тармакта иштеген кыргызстандыктар экенин 31-декабрда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Ага ылайык, II даражадагы Манас ордени композитор Сардарбек Жумалиев, скульптор Виктор Шестопал, ал эми III даражадагы «Манас» ордени жазуучу Мелис Абакиров, генерал-майор Шейшенбек Байзаков, академик Алтай Бөрүбаев, генерал-майор Кубатбек Кожоналиев, профессор Мамбетакун Намазбеков, генерал-полковник Мырзакан Субановго ыйгарылды.
Ошондой эле Кыргыз Эл артистти наамы Бегайым Жайчиевага, Турусбек Жумалиевге, Алымкул Исаковго, Кайымбек Кускаковго, Кулбара Маматова, Александра Марусичке, Гүлшан Молдоевага, Исабек Муратовго, Асылбек Өзүбековго, Реджабай Тажибаевге, Жолдош Эркимбаевге ыйгарылды.
«Мамлекеттик сыйлыктар өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкон инсандарга берилди», -деп айтылат маалыматта.
Төмөндө сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн толук тизмеси менен таанышыңыз.
Оставьте первый комментарий