Бир мандаттуу эки округдагы кайра шайлоого талапкерлердин саны 9га жетти

2022-жылдын 27-февралында өтүүчү № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 9 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) билдирме түштү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

№ 27 Биринчи май округу:

  1. Элвира Сурабалдиева;
  2. Шадыкан Джакыпбеков;
  3. Нурбек Токтакунов;
  4. Анвар Сартаев .

№ 29 Свердлов шайлоо округу:

  1. Гуля Алмамбетова;
  2. Жаныбек Асанбеков;
  3. Назгүл Жолдошова;
  4. Жусубалы Керимбаев;
  5. Эдил Бейшенбаев.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө аяктайт.

Эске салсак, 28-ноябрдагы шайлоодо бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов  округдарында «баарына каршы» добуш бергендер көп болгон. БШК кайра шайлоону 27-февралга белгилеген.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдан болот. Алардын ичинен 34 округдун жыйынтыгы чыккан. Ал эми 54 эл өкүлү партиялык тизме шайланып келди.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо