Кыргызстандык Александр Волкодав «Голос» долбоорунун жеңүүчүсү болду

Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав Орусиянын Биринчи каналынын «Голос» музыкалык долбоорунун жеңүүчүсү болду. 

Анда ал, насаатчысы Пелагея менен Arcade ырын дует аткарышкан. Андан кийин «Казачья», акыркы этапта «Луч солнца золотого» чыгармасын ырдаган.

Жыйынтыгында көрүүчүлөрдүн добуштарынын 53,3 пайызын алып долбоордун жеңүүчүсү болду.

29-декабрда өткөн финалга Кыргызстандан Александр Волкодав, Казакстандан Алишер Каримов менен Ернар Садирбаев, Орусиядан Элина Пан катышкан.

Буга чейин бул сынакка Кыргызстандан ырчы Кайрат Примбердиев катышып 3-орунду алган. Аталган долбоор Орусиянын Биринчи каналында 2012-жылдан бери чыгып келет.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*