
Ош шаарындагы кичи маршурттук каттамдарга GPS навигаторлор коюлду. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда онлайн тиркеме 4 маршурттук каттамга орнотулган.
«Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен кичи бусстарга да GPS навигатор тиркемесин чыгардык. Эми кичи маршруттардын, канчада келүү убактысын баарыныздар онлайн көрө аласыздар», — деп жазган Жусунбаев.
Алдыда 2 айдын ичинде шаар боюнча бүт каттамдарга орнотула турганы айтылган.
Тиркемени бул шилтемеден көчүрүп алсаңыз болот. https://bit.ly/3mKe95P
Учурда Ош шаарында 650 маршруттук каттам, 26 троллейбус, 18 автобус кызмат көрсөтөт.
Оставьте первый комментарий