БШК камактагы депутатка төш белги тапшырды

Сүрөт: БШК

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 31-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековго ырастама жана төш белги тапшырды. Бул тууралуу аталган комиссиядан билдиришти. 

Ал бир мандаттуу №30 Ысык-Ата шайлоо округунан шайланган. Бирок, 7-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган. Учурда  убактылуу кармоочу жайда. Ага карата улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши териштирилүүдө. БШК сот чечими жоктугуна байланыштуу Таштанбековду депутат кылып каттаган.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдан болот. Алардын ичинен 34 округдун жыйынтыгы чыккан. Биринчи май жана Свердлов округдарында «баарына каршы» добуш бергендер көп болгон. БШК кайра шайлоону 27-февралга белгилеген. Ал эми 54 эл өкүлү партиялык тизме менен шайланып келди.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*