
2021-жылдын 31-декабрына карата республика аймагында кылмыштар жана окуялар боюнча жалпы 599 маалымат жана кайрылуулар келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кайрылуулардын 82си кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.Бир күн ичинде жалпы 94 кылмыштын бети ачылган. 26 жол кырсыгы орун алып, 30 адам ар кандай жаракаттарды алган.
«Жалпы республика аймагында оор жана резонанстуу кылмыштар катталган жок. Жаңы жыл түнү тынч өттү. Жарандардан массалык иш-чаралардын белгиленген тартибин сактоону, мыйзамдарды бузууга жол бербөөнү суранабыз. Ээсиз деп табылган буюмдар же шектүү жарандар байкалса 102 номерине токтоосуз маалымдаңыз», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда.
Оставьте первый комментарий