Эки округдагы кайра шайлоого талапкерлердин саны 13кө жетти

27-февралда өтүүчү № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуучулардын саны 13кө жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

№ 27 Биринчи май округу:

  1. Элвира Сурабалдиева;
  2. Шадыкан Джакыпбеков;
  3. Нурбек Токтакунов;
  4. Анвар Сартаев;
  5. Рысбай Аматов;
  6. Русланбек Акылбеков;
  7. Адылбек Гапаров.

№ 29 Свердлов шайлоо округу:

  1. Гуля Алмамбетова;
  2. Жаныбек Асанбеков;
  3. Назгүл Жолдошова;
  4. Жусубалы Керимбаев;
  5. Эдил Бейшенбаев;
  6. Муратбек Султанбеков.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүүгө 30 календардык күн калганда 27-январда саат 18:00дө аяктайт.

Эске салсак, 28-ноябрдагы шайлоодо бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында «баарына каршы» добуш бергендер көп болгон. БШК кайра шайлоону 27-февралга белгилеген.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдан болот. Алардын ичинен 34 округдун жыйынтыгы чыккан. Ал эми 54 эл өкүлү партиялык тизме шайланып келди.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*