Бүгүн, 2 – январга карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинен эмдөөдөн өтпөгөн 2 бейтап көз жумду. Вирус дагы 38 кишиден аныкталды. Мурда жуктурган 32 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
Бишкек – 32;
Ош шаары – 4;
Жалал-Абад облусу – 2.
Жалпы жуктургандардын саны 184 786. Айыккандар 179 903. Каза болгондор 2804.
Учурда стационарда 267 жана амбулатордук түрдө 326 адам дарыланып жатат.
Оставьте первый комментарий