Ош-Ноокат таксилери токтогон жай жашоочулардын нааразычылыгын жаратууда. Видео

Ош шаарынын Төрөбай Кулатов кичи районунун тургундары Ош-Ноокат каттамынын таксилери унаа койгон жерге нааразычылыгын билдиришүүдө. Айтымдарында аталган жай жашоочуларга ыңгайсыздык жаратууда.

Кооптуулук жараткан каттамдын таксисттери үчүн унаа коюуучу жай маселеси качан чечилет? Биздин редакция жооп издеп көрдү.

Ош шаарынан Ноокатка каттаган таксисттер Төрөбай Кулатов кичи районунун тургундарына  кооптуу жагдай жаратып жатат. Бул тууралуу  «Т-Медиа» редакциясына жашоочулар кайрылып, нааразычылыгын билдиришти.

«Эрте менен жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бир жолу келип, таксисттерди кубалашат. Алар болсо биздин дом жака чейин келип, кызматкерлер кеткиче жашынып тура беришет. Булардын айынан үйлөрүбүзгө да кире албай жатабыз», – дейт Темирбек Байсалиев.

Биз ал жерде турган патрулдук милицияга кайрылып көрдүк. Бирок жашоочулардын айтымында алардын кылган иш-аракеттеринен эч кандай майнап жок.

«Көбүнчө эле ушул жерде кызмат өтөйбүз. Эскертүү да беребиз, протокол жазабыз ага болбой эле кайра келип алышат», –  белгиледи МККБ нын тескөөчүсү Кубат Максутов. 

Ноокатка каттаган таксисттердин бири төмөнкүлөрдү билдирди.

«Мэрия Ноокатка каттаган таксисттер үчүн 5 жыл мурда автобекетте орун бөлүп берген. Бирок, ал жака эч ким барбайт. Алыс. Бизге ушул жердин жогорусун эле жай кылып берсе болот», – дейт айдоочу.

Жашоочулар буга чейин мэрге бир-нече жолу кайрылганын айтышты. Калаа башчысы жаңыдан кызматка отурганда бул көйгөйдү чечип берүүнү убадалаган. Биз Алмазбек Мамбетовго бул унутулган убадасын эстетип, кайрылып көрдүк.

«Бул маселе каралып жатат. Азыр ошол жерди көчүрүү боюнча иш-чаралар жүрүүдө. Жай айына карата чечебиз», – деди Алмазбек Мамбетов.

Төрөбай Кулатов кичи районунда 3 бала бакча жана 2 мектеп бар. Өткөн жылы аталган жерде жол кырсыганан 2 окуучу каза болгон. Ал жердиге жашоочулар балдарынын өмүрүнө кооптонуп келишет.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*