Москвадагы мигранттар арасында чыккан мушташта 15 кыргызстандык кармалды

Иллюстративдик сүрөт

1-январда Москва шаарынын түштүк-чыгышында Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда болгон массалык мушташка байланыштуу элчилик билдирүү таратты.

Кечээ, 2-январда Элчиликтин кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактоо жана консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Россиянын Ички иштер министрлигинин Текстильщики райондук бөлүмүнө барышкан.

РИИБге 15 кыргызстандык  жеткирилген. Элчиликтин юристтеринин жардамы менен бир жаранга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен окуянын катышуучуларына карата чаралар көрүлөрү маалымдалды.

Буга чейин Россиянын ЖМКлары 1-январга караган түнү Өзбекстандын үч жараны менен Кыргызстандан келген 10 мигранттын ортосунда мушташ чыгып, натыйжада үч адам денесинен оор жаракат алганын жазган. Мушташка жеке келишпестик себеп болгону айтылган.

Расмий маалымат боюнча Москвада 1 миллиондон ашуун  мигрант бар. Алардын негизи бөлүгүн Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары түзөт.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*