«Тазалыктын» дагы бир жумушчусун унаа коюп кетип каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Бишкекте «Тазалык» ишканасынын көчө шыпырып жүргөн дагы бир жумушчусун автоунаа коюп кетип каза болгонун Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык бүгүн, 4-январда эрте менен сегиздер чамасында болгон. Кылмышка шектүү 41 жаштагы аял экени аныкталды. Ал Toyota Probox үлгүсүндөгү автоунаа менен Шабдан баатыр көчөсүндө күн батышты көздөй бара жатып, ТЭЦтен өткөндөн кийин 35 жаштагы «Тазалыктын» К.С. аттуу кызматкерин сүзүп алган. Жабырлануучу алган жаратынан ошол жерден мүрт кеткен.

Автоунаа убактылуу айып короосуна токтотулуп, айдоочу Бишкек шаардык милициянын тергөө кызматына жеткирилгени айтылды. Азыркы тапта тийиштүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын эмнеден болгону такталып жатат.

«Тазалык» ишканасынын жумушчулары ушундай жагдайда каза болгон учурлар буга чейин да катталган. Соңку бир айга жетпеген убакта үч кызматкер мерт кетти. 2021-жылдын 12-декабрында 47 жаштагы, андан алты күн өткөндөн кийин 61 жаштагы киши көчө шыпырып иштеп жүргөн жеринен каза болгон. Экөөнү тең автоунаа коюп кеткен.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*