«Асман шаарынын» автору Файзиевдин мамдирекцияга жетекчи болгонун сынга алды

Ысык-Көл облусуна салынат деген «Асман» долбоорунун автору Руслан Акматалиев Министрлер кабинетинин дайындоосуна нааразы болуп жатат. Ал «Азаттыкка» курган маегинде «Элит Хаус» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү деп таанылган Тимур Файзиевдин шаарды куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы болуп дайындалганын сынга алды. 

«Биз «Асман» долбоорунда башынан баштап жүрүп, иштин баарын жүргүзүп жатканбыз. Анан эле буга такыр тиешеси жок адамды жетекчи кылып салганын түшүнбөй калдым. Эки-үч күндө Садыр Нургожоевич менен сүйлөшөм. Бүт баары Файзиев алдамчылыкка шектелгенин жазып атышат. Инвестор келе жатканда ким менен иштеше турганын текшерет да. Анан алдамчы деген киши менен кантип иштешет? Мен айтып жаткан инвестор менен келишим жеке тарапка түзүлгөн. Анткени ал учурда дирекция жок болчу. Францияда экологиялык шаар салуу боюнча адис бар экен. Ал долбоорду чийип, аны президентке презентация кылмак. Биз Кыргызстанга келсек эле четтетип салышты. «Асманга» убактыбыз, каражатыбыз көп кетти. Биздин мээнетти ушунтип эле жеп коюшабы?», -деди Акматалиев.

Тимур Файзиев «Асман экологиялык таза шаарын» куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси болуп дайындалганын 2021-жылдын 30-декабрында «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу жар салган. Анын айтымында, «Асман экологиялык таза шаары» 500 миң кишиге эсептелген. Кийинчерээк шаар калкынын саны 1 миллион кишиге чейин жетиши мүмкүн. Долбоордун курулуш иштери ушул жылдын жаз айларында башталат.

Файзиевди дайындаган буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун 4-январда президенттик администрациянын басма сөз кызматы ырастады.

Файзиевдин иши

Үстүбүздөгү жылдын 28-майында Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Ал Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шек саналып жаткан. Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-майда ишкердин бөгөт чарасын карап, камакка алууга сыртынан чечим чыгарган. 7-июлда Файзиевди сырттан камакка алуу чечими өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тил каты менен камалган эмес.

«Элит Хаус» курулуш компаниясы анын негиздөөчүсү Тимур Файзиевдин айланасындагы окуяларга байланыштуу билдирүү жасап, Файзиев компаниясынын башкы директорлугун 2020-жылдын август айында эле өткөрүп бергенин жарыялаган.

«Асман шаары»

2021-жылы октябрь айында Ысык-Көл облусунда «Экологиялык таза Асман шаары» долбоорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик дирекция түзүлгөн. Дирекциянын чыгашасы бюджеттен тышкары Кыргызстанда тыюу салынбаган каражаттардан каржыланат.

Авторлордун оюнда, шаар 500 миң туруктуу жашоочуга ыйлайыкталат, ал эми бүтүндөй эко-шаардын өзү 7-10-жылдык мөөнөттө курулмакчы. Долбоордун авторлорунун айтымында, долбоорду ишке ашыруу экономикага олуттуу инвестиция тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле атамекендик курулуш материалдарына, азык-түлүккө, кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптарды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Расмий маалыматка караганда, шаарды курууга болжол менен 20 миллиард доллар кетет. Долбоор Бишкекке жүк келтирбөө, туризмди өнүктүрүүнү көздөйт.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Равшан Сабиров «Асман шаарын» француз курулуш компаниясы курарын айткан. Бирок ишкананын атын ачыктаган эмес

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*