
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы коңшу өлкөдөгү кырдаалга көз салып жана чектеш аймактарды көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Чек ара кызматы Жаңы жыл майрамына байланыштуу 2021-жылдын 30-декабрынан тартып күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.
«Казакстанжда кырдаал курчуган учурда ИИМ, ӨКМ жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Казакстандын Жаңы-Өзөн жана Маңгыстау облусунун бир катар айылдарында 2-январдан бери жүздөгөн тургун суюлтулган газдын кымбатташына каршы акция өткөрүүдө. Аларга башка аймактардын жана калаалардын жашоочулары да тилектештигин билдирип жатышат. Өкмөт аткаминерлери суюлтулган газдын баасы 120 теңгеден 85-90 теңгеге чейин төмөндөй турганын айтышууда. Нааразылыкка чыккандарды бул вариант канааттандырган жок: алар бааны эки эсеге төмөндөтүүнү талап кылып жатышат. Учурда Алматы шаарында да нааразычылыктар өтүүдө. Ошондой эле өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.
Бүгүн, 5-январда, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча кеңешме өткөрөрү айтылууда.
Оставьте первый комментарий