Бишкек мэриясы аргасыз келген казак жарандарын мейманкана менен камсыздоодо

Президенттин буйругу менен Бишкек мэриясы Кыргызстанга транзиттик рейс менен келген казак жарандарын «Манас» аэропортунан тосуп алып, мейманкаларга жайгаштырууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жүргүнчүлөр кайра Казакстанга кайтып кеткенге чейин тамак-аш жана жатакана менен камсыздалып жатат.

«Казакстандын элчилиги менен тыгыз иштешип жатабыз. Коңшу өлкөнуң жарандарын Бишкек шаарын транзит катары колдончу жүргүнчүлөрүнө тиешелүү шарттарды түзүп берүү максатында, «Манас» эл аралык аэропортунан транспорт менен камсыз кылуу, мейманканаларга жайгаштыруу жана «Ак-Жол» өткөрмө пунктуна чейин жеткирүү иштери уюштурулду. Келишим түзүлгөн мейманканаларга жайгаштыруу үчүн төлөм мэриянын резервдик фондунан жүргүзүлөт»— деп айтылат маалыматта.

Мэрия ошондой эле, ыктыярчыларды биргелешип иштөөгө чакырган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1235 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*