Чымкентте сурактан чыккан 24 жаштагы кыргыз жаранынын абалы оор

Сүрөт: "Азаттыктын" казак кызматы

Казакстандын Чымкент шаарында кармалып, полицияга сурак берип чыккан 24 жаштагы кыргызстандык Баялы Төрөгелдиевдин абалы оор. Жабырлануучу ал жакта эмгек миграциясында жүргөн. Бул тууралуу «Т-Медиага» мекеменин басма сөз кызматкери Элмира Мадиева билдирди. 

Анын айтымында, 9-январда Төрөгелдиевдин атасынын карындаштары Акыйкатчы аппаратына  кайрылышкан. Алардын айтымында, Баялыны Чымкенттин полициясы үйүнүн эшигин талкалап кирип алып кеткен. 10-январда кайра суракка чакырылган. Туугандары Баялынын абалы оор, медициналык жардамга муктаж экенин айтып жатышат.

«Ал күнү  (ред- 9-январда) Баялы ур токмокко алынып, катуу сабалган акыбалда келген. Машинесинин дөңгөлөктөрүн кескилеп, болгон акчасын, ошондой эле документтерин суракка алган күч органдары алып коюшкан. Болбосо ал деле жай турмушта эмгектенип жүргөн жигит экен», -дейт Мадиева.

Акыйкатчы институту Казакстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Азимовага кат жолдоду. Анда кармалган кыргызстандыктарга укуктук жардам берүүгө көмөктөшүүнү, аларды суракка алууда, иликтөө жүргүзүүдө эл аралык адам укугуна байланыштуу ченемдерди сакталышын көзөмөлдөө өтүнүчү жазылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Казакстандын аймагында беш кыргызстандык кармалып турат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо