
Коңшу Казакстанда болуп өткөн башаламандыктагы чыгымдын өлчөмү дүйшөмбүгө карата 215 млн доллардан ашты. Бул тууралуу «Атамекен» жеке ишкерлердин улуттук палатасына таянып, РИА Новости агенттиги жазды.
Бул сумма жекшембиге карата 212 миллион долларды тузгөн.
«10-январь саат 09:00 карата болжолдуу чыгымдын суммасы 93,7 миллиард тенгени түздү, анын ичинен 92,2 миллиард эле Алматы шаарына туура келет», — деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, толкундоолор болгон тогуз аймакта жалпысынан 1319 бизнес субъекттери жана 1488 объект талкаланган.
Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2-7-январь күндөрү болгон митинг жана тополоңдордо 9-январга карата 164 адам каза болгонун расмий кабарлаган. Бирок казак бийлиги ушул эле күнү мындай маалыматты «техникалык ката» деген жүйө менен төгүнгө чыгарды.
Оставьте первый комментарий