Жер силкинүүдөн Улуу Кытай Дубалынын эки метрдей жери кулады

Кытайда жер силкинип, Улуу Кытай сепили кулады. Титирөөнүн күчү 6.3 баллга жеткен. Global Times гезини силкинүүдөн Улуу Кытай Дубалынын эки метрдей жери кулаганын жазды. 

Окуя өткөн жуманын ишемби күнүндө Цинхай провинциясында болду. Бул тууралуу Риа Новости агенттиги жергиликтүү CGTN телеканалына таянып маалымдаган.

Силкинүү өлкөнүн түндүк-батышындагы калк аз жашаган аймакта болгон. Бирок, айрым ири шаарларда да жер титирөө сезилген.

Кырсыктын кесепетинен 9 адам жабыркап, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жер титирөө ошол аймактагы үйлөрдүн бириндеги видеокамерага түшуп калган. Анда кандайдыр бир жарылуудан улам, жарык болуп өчкөн. Андан соң силкинүү болгонун көрүүгө болот. Интернет колдонуучулар жарылуу электр чордонунда болушу мүмкүндүгүн талкулашууда.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо