
Акыркы 24 сааттын ичинде COVID-19дун жаңы 348 учуру катталды. Ошол эле учурда эки бейтап көз жумду. 85 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
Бишкек — 244;
Ош шаары — 7;
Чүй облусу – 38;
Ош облусу – 16;
Талас облусу — 7;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 22;
Баткен облусу — 7.
Жалпы жуктургандар пандемия башталгандан бери 186 413кө жетти. Айыккандар 180 432. Каза болгондор 2821.
Учурда стационарда 475 жана амбулатордук түрдө 1196 адам дарыланып жатат.
Оставьте первый комментарий