Матраимовдордун үй-бүлөсү Африкага суу чыгарды. Видео

Сүрөт: Видеодон скриншот

Африка өлкөлөрүнүн бириндеги айылда Матраимов атындагы кудук пайда болду. Бул тууралуу видеону Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов өзүнүн Instagram баракчасына жүктөдү.

Видеодон «Матраимовдун үй-бүлөсү» деген жазуусу бар кудукка айыл тургундары чогулуп жана суу алып жатышканын көрүүгө болот. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от T̠M̠G̠ каналы (@tmedia.kg)

Ошондой эле тактайчада, «Рахма» фонду деген да жазуу бар. Аталган фонд африкалык айылдарда кудуктарды жана мечиттерди куруу менен белгилүү жана ага каражатты дүйнөнүн бардык мусулмандары берсе болот.

2020-жылы «Азаттык» радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

Ошол эле учурда Кыргызстанда таза суу чыкпаган 300 айыл бар.

Өлкөдө таза суу чыга элек 346 айыл бар. Инфографика

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*