Сот Бактыбек Калмаматовдун жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн, 11-январда саясатчы Бактыбек Калмаматовдун жактоочусунун арызын карады. Бирок, жактоочу А.Т.нын УКМКнын тергөөчүсү тарабынан Калмаматовго карата кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу тууралуу даттануусу канааттандыруусуз калтырды. 

«Анткени, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 30-беренесине ылайык, тергөөчүнүн токтомун жокко чыгаруу маселесин кароо тергөө судьясынын ыйгарым укуктарына кирбейт», — деп айтылат маалыматта.

Бакытбек Калмаматов 9-февралга чейин камакка алынган. Баш коргоо чарасы 24-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралган.

Ага карата «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу»  беренеси менен айып коюлууда.

Калмаматов УКМК тарабынан 22-декабрда «Манас» эл аралык аэропортунда Сауд Арабияга бара жатканда кармалган.

Мурдагы депутат быйылкы парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынын тизмеси менен  катышкан.  11-январда өткөн президенттик шайлоого да талапкерлигин койгон.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*