Кыргызстанда коронавирустун жаңы омикрон-штаммы аныкталды

 Чүй облусунда эки бейтаптан коронавирустун жаңы омикрон-штаммы катталды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб 9-январда кабарлады.

«Улуттук фтизиатрия борборунда коронавирустун штаммын аныктоо боюнча секвенирлөө жүргүзүштү. Үлгүлөр январь айынын башында Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткандар арасында алынган жана эки бейтаптан омикрон-штаммы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн бир сутка ичинде COVID-19дун 465 учуру аныкталган. Бул беш айдан берки эң жогорку көрсөткүч.

«Омикрон» штаммы Түштүк Африкада 11-ноябрда аныкталган. Коронавирустун бул түрү мурдагыларга салыштырмалуу ылдам тарап жатканы, буга чейин вирустун башка штаммдары менен ооругандарга жукканы кабарланган. «Омикрон» Ботсвана, Израил, Бельгия, Гонконг, Британия, Австралия, Италия жана Германияда аныкталган. Январда Өзбекстан жана Казакстанда да омикрон-штаммын жуктургандар табылганы айтылган. Көпчүлүк мамлекеттер бул штамм катталган өлкөлөргө аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапты.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1469 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*