Лейлекте Ооганстанда өндүрүлгөн 5 килограмм гашиш баңгизаты табылды

ИИМден билдиришкендей, атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда Баткен-Исфана жолунан К.Э. аттуу жарандын башкаруусундагы «ДЭУ-Нексия» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Тинтүү жүргүзүүдө арткы отургучунан Ооганстанда өндүрүлгөн  жалпы салмагы 2 кг түзгөн, эки таңгак гашиш (чарс) баңгизаты табылып алынган.

«Бул ишке маанилүү болгон далилдерди жок кылуу коркунучу бар болчу. Ошондуктан ошол эле күнү Лейлек районунун Арка-2 айылындагы К.Э. аттуу жаран жашаган үйгө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлдү. Анда короосундагы кум үймөгүндө көмүлүп катылган 3 таңгак гашиш (чарс) баңгизаты алынды. Табылган гашиш баңгизатынын жалпы салмагы 5 килограммды түздү», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган К.Э. аттуу жаран учурда Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилген.

Ушул тапта бул баңги кылмышына тиешелүү жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*