Патрулдук милиция жол эрежесин бузган айдоочуларды жезл менен тосо баштады

Сүрөт: Т-Медиа

Патрулдук милиция жол эрежесин бузган айдоочуларды алдынан тосуп токтото баштады. Мындай укук аларга Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде декабрь айынан берилди. Антпесе адам өмүрүн алган кырсыктар көп катталып, бул эрежени кайра киргизүү зарылчылыгы келип чыккан. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматы соңку жумада эле калаада жол эрежесин бузган 1300 учур катталганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Кубанычбек Камчыбеков «Т-Медиага» билдиргендей, жол чырак, жол сызыкта эреже бузган, мас абалында унаа башкарган, жаш балдарды унаанын алдында алып жүргөн жана терезелери караңгылатылган автоунаалар патрулдук милиция тарабынан токтотулуп, протокол түзүлөт. Буга чейин аларда мындай укук жок болчу.

«Патрулдук кызматкерлер таякчанын (жезл) жардамы менен шаар аймагындагы автоунааларды токтотушат. Анткени Кыргызстандын аймагындагы жол кырсыктарынын көбөйүп кеткенине байланыштуу министрдин 888-буйругу чыкты. Себеби мас айдоочуларды, эреже бузгандарды аныкташ кыйын болуп калат. Конкреттүү түрдө жол эрежесин бузган айдоочуларга патрулдук милиция таякча менен кайсы жерге токтошун көрсөтүп, эрежесин тастыктап берет. Ошонун негизинде протоколдор түзүлөт. Жол эрежесин бузган айдоочулар гана жазаланат. Туш келген эле машинаны тосо беришпейт», -дейт Камчыбеков.

Көпчүлүк айдоочулар жаңы эрежени колдоп жатышат. Анткени адам өмүрүн алган жол кырсыктарын ушул жол менен алдын алса болот.

«Жол эрежесин бузгандар аябай көп болуп жатат. Айдоочулук күбөлүктү окуп-окубай алгандар четтен чыгат. Ошондуктан патрулдук милицияга мындай укуктун кайтып келгени жакшы болду. Иретке келмек», -дейт алар.

Кубанычбек Камчыбеков жаңы буйруктун негизинде акыркы бир жумада эле Ош шаарында 1300 айдоочу эреже бузганын билдирди. Алардын ичинен 40ы мас абалында унаа башкарып жүрсө, 20дан ашыгынын айдоочулук күбөлүгү жанында жок болуп чыккан.

Үрөй учурган жол кырсыктары

Кыргызстанда соңку жылдарда адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталып жатат. 2021-жылдын 16-ноябрында эле Кара-Суу районунда ири жол кырсыгынан 10 адамдын өмүрү кыйылып, 14 киши жараат алган. Андан мурдарак Таластагы бир күндө болгон аварияда тогуз киши набыт болгон. Бул жакынкы айларда эле болгон окуялардын курмандыктары.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда былтыр тогуз айда 5437 жол кырсыгы катталып, 600гө жакын адам көз жумду. Жабыркагандардын саны 8 миңден ашты. Ал эми 2010-жылдан бери өлкөдө 74 миңге жакын автокырсык болуп андан 11 миңден ашуун киши каза таап, 109 миңден көп адам ар түрдүү жараат алган. Ушул аралыкта 16 миңден ашык кырсык балдардын катышуусу менен болгон. Бул жалпы кырсыктардын 22,1% түзөт. Андан 1 306 бала мүрт кеткен.

Ал эми президенттин расмий сайтындагы маалыматта 2010-жылдан тартып республиканын аймагында 74 миңге жакын жолдогу кырсыктар катталып, андан 11 миңден ашуун киши каза болгону белгиленген.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 8-декабрында «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Аталган жарлык жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, жабыркагандардын санын, жол кырсыктарынын кесепеттерин азайтууга багытталган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*