
Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов Кыргызстанга келди. Ал 2021-жылдын апрель айында тажик бийлигинин өтүнүчү боюнча Орусиянын Нижний Новгород шаарында кармалган болчу. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн «Фейсбук» баракчасында билдирди.
«Мен Россияда Тажикстандын жалган жалаасы менен кармалгандан көп жардам бердиңиз. Президент Садыр Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге жеткирндиңиз. Сизге чоң рахмат. Биздин үй-бүлөбүзгө чоң жардам бердиңиз», — деп айткан ал Ассоль Молдакматовага.
Өткөн жылдын 6-июлунда Россиянын компетенттүү органдарынын чечими менен Мажитов эч кайда чыкпоо тил каты менен Нижний Новгород шаарындагы абактан бошотулган болчу.
Мажитовдун кармалышы
2020-жылдын 8-майында Баткен районунун Чек аймагы менен Тажикстандын Исфара районунун Кумазор айыл тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Жаңжалга такталбаган жердин талашка түшкөнү себеп болгон. Кайым айтышуу таш ыргытууга айланып, кийинчерээк эки тараптан тең ок да атылган.
Чырдан улам Көк-Таш айылындагы чек арага чектеш жайгашкан Мажитовдордун беш бөлмөлүү үйү өрттөлгөн. Кийин өкмөт жана жергиликтүү элдин колдоосу менен анын үй-жайы калыбына келтирилген.
Мажитов 18-апрелде Орусияга жумуш издеп барып, учактан түшөрү менен полицияга кармалган. Буга чек аралаш айылдын тургунуна Тажикстандын «оор кылмышкер катары эл аралык издөө жарыялаганы» себеп болгон.
Расмий Дүйшөмбү оор беренелер менен издөөгө алынган Эсенбай Мажитовду Тажикстанга экстрадициялоо өтүнүчүн келтирген.
Оставьте первый комментарий