Жогорку Кеңешке үч вице-спикер шайланды

Жогорку Кеңештин 12-январдагы жалпы жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы көрсөткөн Жамиля Исаева, «Ишеним» фракциясынан депутат Нурбек Сыдыгалиев жана Алай округунан Улан Примов төраганын орун басарлары болуп шайланды.

Жашыруун  добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Сыдыгалиев менен Исаева 74, Примов 59 добуш алды. Ал эми бир мандаттуу округдардын элдик тобунан сунушталган Нурланбек Азыгалиев өтпөй калды. Бир депутат баарына каршы добуш берди.

Сессияда Жогорку Кеӊештин төрагасы Талант Мамытов жаңы шайланып келген орун басарларын куттуктап, ийгилик каалады.

Нурбек Сыдыгалиев – 2015-2016-жылдары ӨКМдин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Алтынчы чакырылышта «Ата Мекен» фракциясынан депутат болгон. Алтынчы чакырылышта Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, вице-спикерликке чейин жеткен. Мындан тышкары ал резонанс жараткан Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон.

Жамиля Исаева — 13 жыл ЖЧКларда бухгалтер болуп иштеген. 2014-2019 — жылы Өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун эксперти, 2019-2021-жылдары Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары болуп дайындалган.

Улан Примов – шайлоочулардын 50.62% добушун алып, Жогорку Кеңешке кайра депутат болуп келди. Ал №11 Алай шайлоо округунан талапкерлигин койгон. Примов парламенттин алтынчы чакырылышында КСДП фракциясынан депутат болгон. «Т-Медиа» анын үй-бүлөсү кандай бизнеске ээлик кыларын аныктаган.

Парламенттин жетинчи чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берип, расмий ишке киришкен. Анда бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланып келди. Бишкек шаарынын бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралында кайра шайлоо өтөт.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*