
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз курал сактаган жери аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында Чүй облусунун Кемин районунда белгисиз үлгүдөгү тапанча, жылмакай сайлуу мылтык, Ф-1 кол гранатасы жана 5,6 × 15,6 мм R үлгүсүндөгү бир нече ондогон ок-дарылар сакталган жер табылган.
«Алынган курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар жана жардыргыч түзүлүштөр кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган. Азыркы учурда алынган буюмдардын кайдан келгендигин жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
УКМК ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Аларды укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын кошумчалайт.
Оставьте первый комментарий