
Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова бүгүн, 14-январда саат төрткө УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу «Т-Медиага» «Бүтүн Кыргызстан партиясынын өкүлү Улан Канат уулу билдирди.
«Бирок кайсы маселеге байланыштуу суракка чакырылганынан маалыматым жок. Нарматованын өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбой жатат», -деди ал.
Атайын кызмат азырынча комментарий бере элек.
Мунун алдында аталган фракциянын лидери Адахан Мадумаров да Башкы прокуратурага сурак берип жатканы маалым болгон. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча күбө катары чакырылды.
Нарматова деген ким?
27 жаштагы Орозайым Нарматова депутаттык мандат алганга чейин көп жылдан бери Орусияда эмгектенчү. Былтыр жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо да Жогорку Кеңешке «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен катышкан. 2018-жылга чейин ал азыркы президент Садыр Жапаровдун тарапташы болгон.
Нарматова «Мекенчил» партиясына аны Жапаров фейсбук аркылуу байланышып чакырганын, аны тандашынын эң башкы себеби Садыр Жапаровдун «Кумтөр» маселесин көтөрүп чыккандыгы болгонун айткан жайы бар.
«Мекенчилдин» катарына кошулган 2014-2018-жылдары активист Садыр Жапаровдун долбоорун элге жайылтып, камакка алынган учурда аны бошотуу талабы менен колдоо акцияларын уюштуруп келгенин да кошумчалаган. Бирок, бул аракеттер 2017-жылдагы президенттик шайлоого чейин гана созулган. Анткени ал кошулган «Мекенчилдеги» кээ бир топтор ошол кезде жаңы шайланган экс-президент Сооронбай Жээнбековдун Жапаровду түрмөдөн чыгараарына ишенишип, аны катуу колдоого өтүшкөнү себеп болгон. Мындан улам ал тарапташтарынын бул кадамы менен макул болбой партиядан чыгып кеткен.
Андан кийин Садыр Жапаров менен байланышып «Мен мыйзамсыздыктарга макул эмесмин» кыймылын түптөгөн саясатчы Адахан Мадумаровга кошулганы жатканын айткан.
Быйыл октябрь окуяларынан соң Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин ал президенттин аракеттерин сындай баштаган. Нарматова муну Жапаровдун мурдагы айткандары менен азыркы аракеттери окшошпой жатканы менен түшүндүргөн.
Нарматованын кармалышы
Былтыр 10-сентябрда күч органдары «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованы Ош аэропортунан кармаган. Ага карата бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деген айып коюлуп, айылдагы үйү тинтүүгө алынган. Анын кармалышы боюнча бир нече депутаттар, саясатчылар, коомчулук пикирлерин билдирип бийликтин бул кадамын сынга алышкан. ИИМде сурак берип чыккандан кийин ал бошотулуп Москвага жиберилген.
Оставьте первый комментарий