Казакстандагы башаламандык учурунда каза болгон Азиз Мусаев Алматыда жерге берилет

Алматыдагы башаламандык учурунда көз жумган Кыргызстандын эки жараны — Азиз Мусаев менен Бахтияр Базарбаевдин сөөгү бейшемби күнү туугандарына берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Мусаевдин сөөгү туугандарынын чечими менен Алматыга коюлат. Анын апасы С. Иманходжаева учурда Казакстанда жүрөт.

Каза болгон экинчи кишинин, Бахтияр Базарбаевдин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча Жүк-200дүн тиешелүү документтери бүткөрүлүп жатат. Мындан сырткары, 21 жаштагы С.О. уулу кармалганы боюнча да маалымат берилген. ТИМ ал кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн компетенттүү органдар тарабынан кармалганын, Алматыдагы Башкы консулдук көмөк көрсөтүп жатканын билдирди.

33 жаштагы Азис Мусаевдин Алматынын борбордук аянтында жараат алгандардын бирине көмөк көрсөтүп жатып окко учканы маалымдалган. Ал 2016-жылдан бери коңшу өлкөдө фитнес-машыктыруучу болуп иштеп жүргөн. Ал эми Бактияр Базарбаев боюнча маалымат жокко эсе.

Казакстандагы окуя кандай башталды?

Коңшулаш Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин көтөрүлүп кеткендигинен улам 2022-жылдын 2-январында Мангыстау облусунда митингдер башталган. Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары Назарбаевди кызматтан кетүү үндөгөн «Чал, кет!» деген сыяктуу чакырыктар айтылган.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Полициянын автоунаалары өрттөлдү. Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды.

5-январда түштөн кийин демонстранттар Казакстандын Алматы шаарындагы акимчиликти басып алышты. Тартип сакчылары аларга каршы кулак тундуруучу гранаталарды колдонушкан. Митингчилер да дагы кулак тундуруучу граната, калкан жана таяк менен куралданганы айтылды. Бийлик башындагы «Нур Отан» партиясынын Алматыдагы имараты жана Алматы шаардык прокуратурасынын имараттары өрттөлдү.

6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев «террордук коркунучту жөнгө салуу максатында» деген жүйө менен Казакстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сураган. Ага удаа эле Орусия аскерлеринин алгачкы бөлүгү атайын техниканын коштоосунда Казакстанга келип түшкөнү кабарланган. Армения, Беларус, Тажикстан да Казакстанга «бейпилдик күчтөрүн» жөнөткөн.

6-январдан тартып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.

Бирок ошол эле маалда, казак бийлиги набыт болгон демонстранттардын так санын айта элек. Бийлик бир гана каза тапкан полиция кызматкерлеринин так санын айтып жатат. Касым-Жомарт Токаев 7-январда телеканалдар аркылуу кайрылуу жасап, өлкөдө «антитеррордук операциялар уланып жатканын маалымдаган. Токаев «террорчуларга каршы эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин» билдирген.

Казакстанда 10-январь аза күтүү күнү болду. Бир нече күндүк башаламандыкта жалпы канча адам каза болгону так айтыла элек. Акыркы маалыматтарга ылайык, кармалгандардын саны 10 миңге чамалады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алардын арасында дагы кыргыз жарандарынын бар же жогун текшерип жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо