Казакстанга жиберилген кыргыз аскерлери кайтып келишти. Видео

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында Казакстанга кеткен Кыргызстанын бейпилдик орнотуу күчтөрү, бүгүн 14-январда өлкөгө кайтып келди. Алар Алматы шаарында стратегиялык объектилерди коргоо миссиясын аткарышкан.

Аскерлерди Бишкектин четиндеги «Ак-Жол» өткөрмө бекетинен тосуп алууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов баштаган жетекчилер барган.

Казакстанга ЖККУнун эки миңден ашуун жоокери 250 аскер техникасы киргизилген. Анын ичинде Кыргызстан 7-январда 150 жоокер жөнөткөн.

Казакстанда ондогон адамдын өмүрүн алган башаламандык 2-январда башталган. Коңшу өлкөнүн президенти Токаев алгач тынчты митингдери менен башталган тополоң кийин «мамлекеттик төңкөрүш аракетине» айланганын билдирген. Башаламандыкка катышкандар «террорчулар» деп аталды.

Азырынча Казакстандагы окуядан канча киши мерт болгону белгисиз.  Буга чейин 164 киши каза болгону айтылып, кийин ан төгүндөшкөн. 

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 579 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо