Мирзиёев Лукашенконун Өзбекстан тууралуу билдирүүсүн «негизсиз» деп атады

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Коопсуздук кеңешинин 13-январдагы жыйынында айрым өлкөлөрдүн Өзбекстан тууралуу билдирүүлөрү боюнча пикирин айтты.

«Жакында айрым өлкөлөрдүн жетекчилери Казакстандагы окуялардан Өзбекстан сабак алышы керек деген негизсиз билдирүү жасашты. Биз аймактагы кырдаалга, бардык чакырыктар менен коркунучтарга көз салып турабыз. Кандай гана коркунуч болбосун, адекваттуу реакция кылууга зарыл болгон бардык потенциалга жана кубатка ээбиз«, — деди Мирзиёев.

Буга чейин Беларус президенти Александр Лукашенко Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖКУУ) онлайн жыйынында Казакстанда болгон окуялардан «биринчи кезекте Өзбекстан сабак алышы керек экенин» айткан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо