Расул Абазбек уулу: Кыргызстан демократиялуу туура жолдо баратканын Казакстандагы окуялар далилдеди

Коңшу өлкөдөгү нааразычылыктар экономиканы көтөрүү, адилеттүүлүктүү камсыздоо, өлкөнүн байлыгын бир адамдын үй-бүлөсүнө топтобоо, демократияны сактоо, оппозицияны куугунтуктообо сыяктуу маселелерди камсыздоого коңгуроо таштады. Бул тууралуу пикирин саясат таануучу Расул Абазбек уулу  «Т-Медианын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Казакстандагы окуялардын чыгышына бир нече себептер айтылып жатат. Сиздин оюңузча буга негизинен эмне себеп болду?

Казакстандагы социалдык-экономикалык көйгөйлөр казак элинин көпчүлүгүн түйшөлтүп келген. Мисалы, бул тууралуу аталган өлкөдөгү белгилүү саясат таануучу Досум Сатпаев аттуу жаран ар дайым коңгуроо кагып келет. Өткөн жылы декабрь айында туруктуу чыңалуу бар экенин, алдын албаса көптөгөн кайгылуу окуяларга алып келишин баса белгилеп, эскерткен. Бул кандайдыр деңгээлде күтүлбөгөн нерсе болуп калды. Бирок, мындай учурда кайсыл жерде кантип чоң тополоң чыгып кетишин эч ким айта албай калды. Казакстандын атайын күчтөрү да алдын ала албай калышты. Бул биринчиси. Экинчиси саясий маселе. Казакстанда мен жогоруда айткандай социалдык-экономикалык көйгөй гана эмес, саясий да маселе бар болчу.

Социалдык талаптар менен башталган нааразычылык кийин саясийге айланып кетти. Мен бул окуялар башталганда ал жактагы кесиптештериме байланыштым. Алар бул окуяларга эч кандай сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү жоктугун айтышты. Ошондой эле, митингдерди ар кандай ички күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүндүгүн белгилешкен. Муну Касым-Жомарт Токаев да сөзүндө айтпадыбы. Бийлик талашуу, төңкөрүш жасоого аракет болчу деп.  Алардын ички элитасынын ички ажырымы ички чыр чатагы мына ушуга алып келди. Эми бул окуяларда кандай топторду колдонушту, кимдерди колдонушту объективдүү иликтөө жүрсө ачыкталат.

— Бул окуялар биздин өлкөгө кандай таасирин тийгизет? 

Биздин өлкөдө демократиялык институттардын бекем болбогондугу менен демократиялык салттардын бар экендигин баса белгилеп айтышыбыз керек. Казакстан башынан өткөргөн окуяларды биз 2-3 жолу өткөрдүк. Жыйынтыгында бийликтин алмашканы реалдуу. Биз бул жагынан алганда иммунитеттүүбүз деп айтсак болот. Эң ириде бул бизге сабак катары таасирин тийгизиш керек. 

Анткени Казакстан сыртынан караганда Борбор Азияда мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн алкагында туруктуу өзүнүн системасын курган мамлекеттик катары сүрөттөлүп,  сыпатталып келген. Бирок, кечээги окуяларда мамлекет бекемделгени менен мамлекеттик институттар анчалык деле бекем эмес экенин байкадык. Ал эле эмес мактанып жүргөн аскерлери да өздөрүнүн күчү жетпей, сырттан коолективдүү күчтөрдү чакырганы мажбур болгону буга айкын мисал боло алат. Бул эмнени түшүндүрөт? Система демакратиялуу нукта өнүкпөсө, демократиялык институттар бекемделбесе, бийликтин алмашуусу камсыздалбаса, альтернативдүү  шайлоо системасы түзүлбөсө бул баарыбир бара-бара бир жерден болбосо, бир жерден жарып чыгаарын көрсөттү. Ушул жагынан алганда бизге сабак болушу керек деп эсептейм.

Анан бул окуялар бир эле Кыргызстан эмес жалпы эле постсоветтик өлкөлөргө, Борбор Азияга таасир этет. Эл аралык мамилелер жаатында таасирин тийгизет деп айткым келет. Кыргызстанга Россиянын таасири буга чейин деле болгон. Эми мындан да күчөйт. Акыркы окуя Россиянын мурдагыдан да таасирин арттырды. Бул биринчи жагдайы. Экинчиси прецедент болуп калды. Бул дегеним Токаев өзү кандайдыр бир деңгээлде казак суверенитетин садага чапты. Сырттан күчтөрдү киргизди. Буга эми албетте тарых өз баасын берет. Бүгүн саясий элитада, Кыргызстанда ошол эле жөнөкөй жарандар арасында эртең ушундай окуялар боло турган болсо, кандайдыр бир күчтөр, мыйзамдуу талаптарын көтөрүп чыкса башка мамлекеттер да ушинтип сырттан орус күчтөрүн чакырбайт деп кепилдик бере албайт экен деген ой пайда болуп калды. Көзү ачыктык кылгым келбейт. Бирок, казак элинин суверинетине доо кетти. Мисалы, Токаев өзүнүн кадамдары туура болгонун кантип далилдеп бере алат. Бул чоң суроо. Кандай болгон күндө да бул Казакстандын суверинетине доо кетирген маселе болду. Казакстанда Токаевдин бул аракетин сындагандар толтура. Сыртта жашаган жарандардын түздөн-түз эле орус оккупациясы деп сыпаттап жатканы да жөн жерден эмес. Бүгүнкү күндө Токаевге бериле турган баа негативдүү. Келекчекте кандай болот? Бул Токаевдин жана чындап иликтөөнүн үстүнөн көз каранды. Биз чын эле ичте уктап жаткан ячейкаларды ким ойготконун, ким колдонгонун айта албайбыз? Азыр аябай көп сөздөр болуп жатпайбы. Транзиттик өткөөл мезгилде Казакстандын көпкө туруп калышы мисал. Кетти деген Назарбаевдин факт түрүндө кетпегендиги, негизги жерде анын адамдары олтургандыгы, УКМК Казакстандагы эн күчтүү бийлик структурага айлангандыгы, ал жерде Назарбаевдин көздөй адамдары олтургандыгы. анысы менен ал Токаевди көзөмөлдөп тургандыгы. Мына ушунун баары элитанын ичинде эмне кылышты билбегендиги, ушул жагдайды жараткандай. Анан аларда дагы деле Назарбаевди карап турушу керекпи же Токаев менен бирге кетиши керекпи дегендей суроо маселе болгондой. А Нурсултан Назарбаев кеткиси келген жок. Азыр эми анын кийинки мууну бийликти кайрадан кайтарап алганга аракет кылышты деп жатышат. Бирок, мунун баары иликтөөдөн кийин көрүнөт. Эксперттердин да өз баасы болот.  Азырынча алынган маалыматтарга таянып ушуну айтсак болот.

Биздин мигранттардын көбү Россиядан кийин эле Казакстанда иштешет. Аларга болгон мамиле, кармоолор. Мындан кийин кандай болот деп ойлойсуз? 

Казактардын мигранттарга болгон мамилеси өзгөрө элек. Азыр биз казак бийлигинин мамилесин көрүп жатабыз. Жамбылда 38 адамды кармашты. Аларды суракка алышы, муну күч колдонуу менен кылышы да ыктымал. Башка мигранттарга да катаал чара көрүлүп  жатышы мүмкүн. Кыргызстандык музыканттын окуясы бул биз билип, көрүп калган бир гана окуя. Мындай учурда бийликтин реакциясы жакшы болду. Мындай реакция эми ар бир жаранга болушу керек. Муну четке кагууга болбойт. Элчилик, Алматыдагы консулдук, ар бир кайрылуу боюнча мониторинг жасап байкап туруш керек деп эсептейм. Тополоңдон пайдаланып бир нерсени моюнга койдурган окуялар болушу толук мүмкүн. Викрам Ризахунов музыкант болбогондо анын абалы кандай болмок эч ким айта албайт.

Бул окуяда бир-эки күндүн ичинде юстиция министрлигинин жасаган реакциясы, ТИМдин реакциясы, атайын кызматтын башчысынын реакциясы  ар дайым башка жарандарга да ошондой болсо, биздин мигрант жарандарга башка өлкөлөрдүн мамилеси да башкача болот. Вице-премьер макамындагы Камчыбек Ташиевдин бул окуя боюнча ачык,жарык биз мындайга жол бербешибиз керек дегени бул тең ата сүйлөшүүгө болгон аракет болду. Юстиция министрлигинин кыйноолорго болгон көрүнүш катары баалап Башкы прокуратурага сунуштама бергени да тең ата сүйлөшүүгө болгон аракет деп эсептейм. Мындай учурда ошол эле ЖККУнун аянтчасын, дагы башка институттардын аянтчаларын, эл аралык мамилени колдонсок болот. Ошондой эле мындай жагдайларда биздин жарандык коомдун четте карап турбаганы да бийликке таасирин тийгизди.

Ошол эле ЖККУнун алкагында Казакстанга аскерлердин жиберилиши канчалык туура болду? Буга бийлик өкүлдөрү көбүнчө экономикалык көз карандылыкты себеп кылды.

Биринчи формалдуу жагы баары сакталды. ЖККУга президент кайрылды. Анын жыйынтыгы менен күчтөр киргизилди. Бул кайсы гана президент болбосун балким Лукашенко болобу же Тажикстандын президенти болобу тынчтык митинги болсо деле өзүнүн жеке бийлигине таасир тийгизсе, демократиялык күчтөрдү басуу үчүн сыртккы күчтөрдү пайдалануу мүмкүндүгүн көрсөтүп койду. 

Биз мындан сөссүз түрдө сабак алышыбыз керек. Кандай болгон күндө да биз эркин өлкөбүз. Кыргызстан демократиялык жолдон тайбашыбыз кажет. Биз жарандык коом өнүккөн, жеке бийликке макул болбогон жарандарыбыз бар өлкөбүз. Ушул жолдун туура экенин кечээги Казакстандагы окуялар далилдеди. Эмнеге Казакстанда 30 жылдан бери бир адам, бир адамдын үй-бүлөсү бийликте олтуруп келди. Мамлекеттик мүлктү, байлыкты бир колго жыйгандыгын кечээ Казакстан президенти Токаев өзү да айтып жатат. Ушунун баарынын  кесепети нааразычылыктардын чыгышына себеп болду.

Экинчиси байлык эле топтобостон бийликти да топтоп альтернатив саясатчыларды жок кылып куугунтуктап, камап, бүгүнкү күндө казак саясий айдыңы оппозициядан  куру жалак калды. Бул нааразычылык акциялардын ушундай күтүүсүз башка нукка айланып кетишине болгон шартты түздү деп эсептесек болот. Лидерлердин жоктугу, легетимдүү лидердин жоктугу, мындай окуялардын башаламан, башкарылбай кетишине, аны пайдаланып кете турган күчтөргө дагы негиз берди. Эгерде лидерлер болсо демократиялуу күчтөр, салттар болсо мындай окуялар болбой калышы толук мүмкүн эле. Бийликти алмаштырганда да бирөөлөрдүн болуусу бул мыйзам ченемдүү  көрүнүш. Батышта оппозиция ар дайым бийликти өз колуна алууга даяр болуп көмүскөдөгү өкмөттү түзүп жүргөн салт бар. 

Ал эми бизде көмүскө өкмөт болбосо да, реалдуу оппозициялык лидерлердин бар экендиги өз учурунда жакшы экендигинен кабар берет.Оппозияцияны кысуу туура эмес экени бизге жакшы сабак болду. Биз демократиялуу жолдон тайбашыбыз керек. Анан албетте экономиканы өнүктүрүү керек. Казакстан өнүгүп жатат деген менен акыркы 4-5 жылда элдин жашоосу социалдык абалы өтө  начарлап кеткен болчу. Батыш өрөөнү кен байлыктарда бай регион деп аталат. Бирок ал жердеги жашоонун начарлап кеткендиги, суютулган газга болгон баанын көтөрүлөп кетүүсү ушундай нерсени чыгырап жиберди. Демек экономиканы көтөрүү  бул бизге да  болгон коңгуроо. Анан сөссүз адилеттүүлүк  камсыздалыш керек. Мамлекеттин байлыгын бир колго топтоо болбой тургандыгын, мыйзамдын адилетүү иштешин камсыздоо сабагын кулагыбызга күмүш сырга кылышыбыз кажет.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо