Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Маалыматты «Т-Медиага» мекеменин басма сөз кызматы ырастады.

Мадумаров суракка бүгүн эрте менен кирген. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча күбө катары чакырылган.

Былтыр 23-октябрда президент Садыр Жапаров басма сөз жыйында коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол кедергисин тийгизип жатканын билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырым. Анын ичинен 519 чакырымы делимитация жана демаркациядан өтүп, калган бөлүгү тактала элек. Чек аранын тактала элек бөлүктөрүндө жайыт, жер жана сугат суу талашынан улам жергиликтүү тургундар менен коңшу өлкөлөрдүн жарандарынын ортосунда чыр-чатактар көп катталып келет.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

Былтыр кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгон, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алган. Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо