ИИМ: Казакстанда кармалган 4 жаран абактан чыкты

Бүгүн, 15-январь күнү Казакстандын Алматы шаарында массалык баш аламандык учурунда кармалган төрт жаран абактан кое берилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Азыркы учурда Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Джиншанло Алматыдан өз үйлөрүнө кое берилди. Алар  көп жылдан бери Алматы шаарында эмгектенип жүргөндүктөрү белгилүү болгон. Ошондуктан жумуштарына байланыштуу Казакстандын аймагында калышаарын билдиришкен.

«Казакстандагы Башкы консулдук, ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында кое берүү тууралуу макулдашууга жетишилди», — деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу жалпысынан тогуз кыргызстандык кармалган. Бүгүнкү күндө алардын баары бошотулган. Эки жаран каза болгон. 300дөй кыргызстандык Алматыдан Кыргызстанда эвакуацияланган.

Учурда дайынсыз болуп жаткан бир жаранды тактоо иштери жүрүүдө.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6727 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо