Коронавирус жуктургандардын саны көбөйүүдө

Өткөн суткада коронавирус 607 кишиден аныкталды. Буга чейин жуктургандардын 122си айыкты. Бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны: 

Бишкек шаары – 404;

Ош шаары – 14;

Чүй облусу – 97;

Ош облусу – 10;

Талас облусу – 20;

Нарын облусу – 5;

Ысык-Көл облусу – 13;

Жалал-Абад облусу – 24;

Баткен облусу – 20.

Жалпы сан пандемия башталгандан бери 188 813кө жетти. Анын ичинен 180 862 адам айыкты. Курмандыктар 2 828.

Учурда стационарда 746, ал эми амбулатордук шартта 2 888 бейтап дарыланып жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо