Орозайым Нарматова диплом иши боюнча маалымат таратты

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова диплом иши боюнча УКМКга чакырылышы, мыйзамсыз окууга өткөн болушу мүмкүн деп козголгон кылмыш иши боюнча билдирүү таратты. Бул боюнча суроолорго ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу маалымат берген.

Депутаттын айтымында, эки жолку шайлоодо тең документтери БШКдан лупа менен текшерилип, «баары таза, баары жакшы» деген чечим болгон.

«Буйруса тергөө адилеттүү жүрүп, чындык чыгат деген үмүттөмүн, бирок ишене албайм. Бийлик колдо турганда эмнелерди гана жасап салуу мүмкүн экендигин жалпыңыздар жакшы билесиздер. Эң негизгиси Кудай астында, эл астында жана өзүмдүн абийирим астында жүзүм жарык. Кудайга шүгүр, мыкты баа алып, жакшы окуп, ата-энемди кубанткан кыздардын биримин. Эки жолу шайлоого катышып, дипломумду, резюмени баарын тапшырып, БШКдан «лупа» менен текшерилип, «баары таза, баары жакшы»- деген чечим менен шайлоодон өттүк. Ушундан улам былтыры да шайлоодо «Нарматова  БШКга фальсификация кылып, документ тапшырды»-деген доомат менен Бүтүн Кыргызстанды шайлоодон алып салуу аракеттери болгон окуя, менин жарандыгым боюнча каралоо, менин аялдык ар-намысыма шек келтирген каралоо эске түшөт», — деп жазган ал.

Эске салсак, депутат кечээ УКМКга суракка чакырылган. Кийинчерээк атайын кызмат маалымат таратып, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызмат адамдарына Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз негизде кабыл алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козголгону, депутат ошол себептен суракка чакырылганы белгилүү болгон.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*