
15-январда өкмөттүн сайтында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жыйын өткөрдү деген маалымат чыккан.
Жолугушууда аткаминерлер ведомствонун бир жылдык планын жана жол инфраструктурасы башкармалыгынын системасын реформалоону талкуулашты. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары менен ЖМКлардын көңүлүн жолугушуу эмес, министрлер кабинетинин сайтына жарыяланган сүрөт бурду. Анда жыйынга катышкандардын арасынан убагында кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановду көрүүгө болот.
Кызыгы, жарыяланган сүрөттөрдө Сулаймановдун жүзү эмнегедир бүдөмүк кылынып жашырылган, бирок столдо анын аты-жөнү жазылган баракча турат.
Биздин редакция Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы менен байланышып, «Азыр Сулайманов кайсы кызматта?» деген суроону узаттык.
«Сулайманов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коомдук башталгычтагы кеңешчиси, бирок официалдуу эмес. Бул дегени кайсы бир документтерге ал кишинин колу да, мөөрү да коюлбайт. Болгону Жапаровго кеңеш гана берип турат. Ал эми сүрөттө анын жанында отурган кишинин дагы жүзү бүдөмүк болуп калган. Кандай түшсө ошондой эле бердик. Менимче, атайын кылынган эмес«, -деп билдирди басма сөз кызматы.
Бул— Нурлан Сулаймановдун Министрлер кабинетинин төрагасы менен биринчи жолку сүрөтү эмес. Буга чейин социалдык тармактарда анын Акылбек Жапаровду Ошто коштоп жүргөнү талкуу жараткан.
Экс-министр транспорта Нурлан Сулайманов находился в розыске по делу о коррупции. Отлежался за границей. Дело закрыли из-за сроков давности. Теперь он спокойно с премьер-министром проводит рейд в Оше pic.twitter.com/ir135dXJr9
— Adil Turdukulov (@adil_turdukulov) December 21, 2021
Нурлан Сулайманов тууралуу эмне белгилүү?
Нурлан Суйлайманов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда транспорт жана жолдор министри болуп иштеген. Ага чейин Бишкек-Ош автожол башкармалыгынын башчысы, андан кийин Бишкек-Ош автожолунун башкы башкармалыгынын директору болуп эмгектенген.
2010-жылкы шайлоодо ал Жогорку Кеңешке»Ата Журт» партиясынан депутат болгон.
Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Ал Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренеси (Мамлекеттик сатып алууда өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге кол коюу) боюнча айыпталган. Анын мамлекеттик казынага келтирилген зыян дээрлик 250 миллион сомго бааланган.
Сулайманов кылмыш иши козголгондон кийин чет мамлекетке чыгып кеткен. 2014-жылы ага эл аралык издөө жарыяланган. БШК депутат парламент жыйындарына 30 жолудан ашык катышпагандыгы үчүн ыйгарым укуктарынан ажыраткан.
2018-жылы Коопсуздук кеңеши «сот, ИИМ жана прокуратура тарабынан мурда кыскартылган жана токтотулган кылмыш иштери кайрадан иликтенүүгө тийиш» деген чечим чыгарган. Башкы прокуратура Сулайманов кармалса камакка алынып, иши сотко өткөрүлө турганын жарыялаган болчу. Бирок 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын катарында катышкан. Үгүт өнөктүгү маалында Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иши 2016-жылы эле токтотулганы ачыкка чыккан. Бишкек шаардык соту «жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кетти» деген негизде кылмыш жообунан бошотулганын «Т-Медиага» маалымдаган.
Нурлан Сулайманов өзүнө козголгон кылмыш иши, соңку дооматтар тууралуу үн ката элек.
Ош шаардык кеңешке соңку шайлоодо анын уулу Элдар Сулайманов «Ата-Журт — Кыргызстан» партиясы менен катышып, мандат алган. 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоого да ушул эле партиянын тизмеси менен барып, депутат болду.
Оставьте первый комментарий