COVID-19: элүүдөн ашык бейтап өтө оор абалда жатат

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирустан дарыланып ооруканада жаткандардын арасынан 318 бейтаптын абалы оор, дагы 52 киши өтө оор абалда жатат. Бул тууралуу 17-январда брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына караганда, азыр ооруканаларда жалпысынан 907 адам жатат, алардын көбү Бишкекте жана Чүйдө. Сегизинин абалы жакшы, 529 бейтап орточо оор абалда.

Кыргызстанда соңку бир нече күндөн бери коронавирус жугузуп алгандар боюнча статистика жогорулап жатат. Бүгүн, 17-январда 781 бейтап аныкталды.

12-январда Кыргызстанда оору көбөйгөнү, коронавирустун «омикрон» штаммы катталганы, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганы жана Бишкек «кызыл зонага» киргени расмий айтылды. Оштогу облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү кош бойлуулар жана жаңы төрөгөн келиндер дарылануучу «кызыл зонага» айланды. 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*