Коронавирустан дагы үч адам каза болду, 781 бейтап жаңы катталды

Иллюстративдик сүрөт

Азыркы тапта 907 бейтап ооруканада, ал эми 4167 киши үйүнөн дарыланып жатат деп айтылды.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 17-январдагы маалыматына караганда, Бишкекте бул инфекциядан үч адам каза болду. Алар эмдөө алган эмес. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2833 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 781 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 658 адам. Ош шаарында — 11, Чүйдө — 48, Таласта — 14, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көлдө — 6, Жалал-Абадда — 14 жана 27 учур Баткен облусунда катталды. Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 190 468 адамга жетти.

Учурда 5074 киши оору менен күрөшүүдө. Анын ичинен 4167си үйдө дарыланууда, ал эми 907си ооруканада жатат. 52 бейтап өтө оор абалда жатат.

12-январда Кыргызстанда оору көбөйгөнү, коронавирустун «омикрон» штаммы катталганы, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганы жана Бишкек «кызыл зонага» киргени расмий айтылды.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*