
Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы өткөн жылдын декабрь айында өзгөртүлгөн. Ага ылайык, мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы эч жакка кетпөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасына өзгөртүлдү. Бул тууралуу жалпыга бүгүн гана маалым болду.
Зилалиевдин иши
Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынган.
Зилалиев өзү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүсү үчүн ага жана үй-бүлөсүнө карата кысым көрсөтүлүп жатканын айткан.
2020-жылдын 5-октябрында Биринчи май райсоту Зилалиевди күнөөлүү деп таап, аны тогуз жыл эркинен ажыраткан, ошондой эле аны үч жылдык мөөнөткө чейин мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыраткан. Кийин Бишкек шаардык соту бир нече жолу, катары менен төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
Октябрь окуяларынан кийин, өлкөдө бийлик алмашканда Зилалиевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова мыйзамсыз баюуга айыптоо негизсиз экенин, анткени кутучулардан табылган акчалардын ичинен 300 миң доллар Зилалиевдин досуна таандык болгон деп айтып чыккан.
Былтыр 23-июнда Жогорку сот Зилалиевге «Мыйзамсыз баюу» боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберген. Анын кылмыш иши «токтом кылынган өкүмдөрдүн жокко чыгышына алып келүүчү процессуалдык бузуулар кетирилгендиктен» Биринчи май райондук сотуна кайрадан кароого жиберилген.
Оставьте первый комментарий