Садыр Жапаров Мадумаров менен Нарматованы сындап, суракка чакырылышы боюнча жооп берди

Президент Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» басылмасына маек куруп, Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматова эмнеге суракка чакырылганын түшүндүргөн. Мамлекет башчы эл өкүлдөрүн кескин сындап, «коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек» деп жооп берди.  

«Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы экөөбүздү коркутушат. Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? «Колуң менен кылганды мойнун менен тарт» дейт кыргызда. Коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек эле».

Президент өз сөзүндө Мадумаров жөнүндө да токтолуп, Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча ал кол койгон протоколду «кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык» деп атады.

«Адахан Мадумаровдун кол койгон протоколун мен Тажикстанга барганда билдим. Алар протоколду бетиме такап, «Төрт-Көчө боюнча маселе 12 жыл мурда протокол менен бекиген, ал жерди силер 49 жылга арендага алгансыңар, 37 жылдан кийин узартып беришибиз мүмкүн же жабабыз, ал тилкеге кайрылып келбейбиз, башка жерлерди протоколдоштурганды уланталы» дешти. Негизи ар бир талаш жер эки тараптын макулдугу менен пртоколго кол коюлуп чечилет. Азыр Мадумаровдун пртоколу күчүндө турат. Мен дароо эле «Адахан Мадумаровдун кол койгонго укугу жок болчу. Бул протокол жараксыз, тааныбаймын, Төрт-Көчөнү кайра карап чыгалы» дедим. Себеби эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, деморкация маселелери өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт. Мадумаров ал кезде болгону Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Ага делимитация, деморкация маселелерине кол коюу укугун эч ким берген эмес. Эгерде биз азыр ал протоколго макул болуп койсок, анда Лейлек району толук анклав болуп калат. Мадумаров ошол мезгилде сокурлук кылганбы же анын башка материалдык кызыкчылыгы болгонбу мен аны айта албаймын. Бүгүн болсо «буга чейин көптөгөн комиссия карап чыгып, алардын баары бул протоколду кыргыз тараптын пайдасына чечилген деген тыянак чыгарган, ошого карабастан мени чакырып суракка алып жатышат деп айтып жатат».

Ошондой эле Нарматова боюнча шайлоо өнөктүгү башталганда эле диплому жасалма деген арыздар түшкөнүн айтып, ал боюнча суроонун жообу ЖАМУдан эми келгенине токтолгон. Ал кылмыш кылган адам эл катары жооп бериши керек деп эсептейт.

Мадумаров менен Нарматованын суракка чакырылышы

17-январда Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча Башкы прокуратурага сурак берип чыккан.  Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон протоколго байланыштуу күбө катары чакырылган.

14-январда «Бүтүн Кыргызстандын» депутаты Орозайым Нарматова да УКМКга суракка чакырылган. Ошол эле күнү комитет депутат ЖАМУга мыйзамсыз кабыл алынган фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Нарматова өзү дипломуна байланыштуу тергөө адилеттүү жүрөрүнө ишене албасын билдирген. Депутат шайлоого эки жолу катышканын, документтеринин баары БШКнын текшерүүсүнөн өткөнүн белгилеген. Нарматова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы каралоо аракети болгонун айткан.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*