Бекназаров: Камчы иним, Адахан иним пиарыңарды токтоткула

Кыргызстандын Малазиядагы элчиси Азимбек Бекназаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго видео кайрылуу жасады.

Ал, Кыргызстанга эмне максатта келгенин жана кайсы иш боюнча сурак берип жатканын айткан. Ошондой эле Ташиев менен Мадумаровду пиарды токтотуп, мыйзамды сактоого чакырган.

«Кечээ түндөн бери социалдык тармактарга мени Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө берип жаткандай кылып көрсөткөн маалыматтар тарап жатат. Мен ошол пиарга түшүндүрмө берейин деп кайрылып жатам. Мындан 2 жыл мурун Мадумаровдун мени элчиликке сатылып кетти деген сөзүнө берген жообумду кескилеп, ушул күнгө чейин саясатта Адаханга каршы колдонуп келе жатышат. Мага Башкы прокуратурадан декабрь айында июнь окуялары боюнча тергөөгө чакырышкан. Мен ыңгайлуу убакта берем деп айткам. Ошол иш боюнча сурак бердим. Анан тергөөчүлөр ютубда жүргөн сөзүңүз боюнча да тактап койолу деген. Мен макул болдум. 3 күндөн бери сурак кылып жатышат. Эки жыл мурунку сөздү, эми кайра тергөө ишинде тактап жатышат. Урматтуу Адахан, Камчы инилерим былтыры чек ара сырын сактабагандан улам, Баткенде чыр чыккан. Эми сурак кылганың да, сурак бергениң да тергөөнүн сырын, сактабай элдин башын айлантып жатасыңар. Мен Адаханга каршы көрсөтмө берген жокмун», — деген Азимбек Бекназаров.

Акыркы бир нече күндөн бери «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаровду Башкы прокуратура тергөө кызматына күбө катары суракка чакырышууда. Аны менен бирге Исхак Масалиев менен Азимбек Бекназаров да суракка алынган.

Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча күбө катары чакырылганы айтылган.

Былтыр 23-октябрда президент Садыр Жапаров басма сөз жыйында коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол кедергисин тийгизип жатканын билдирген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо