Депутат кандай учурда мандатынан ажырайт? Юристтер Нарматованын диплом чыры боюнча үн катты

БШКнын Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыратуу чечими мыйзамга туура келбейт. Мындай пикирин укук коргоочулар жана айрым эл өкүлдөрү соцтармакка жазып чыгышты. 

БШК 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарган. Ага Жалал-Абад мамлекеттик университети 19-январда депутаттын жогорку билими тууралуу дипломун чакыртып алганы себеп болду. Нарматовага ЖАМУдан диплом алууда бири-бирине дал келбеген «Бухгалтердик эсеп» адистиги боюнча орто кесиптик билимдин базасында «Журналистика» адистигине тапшырганы мыйзамсыз болгон деген жүйө коюлуп жатат.

Бирок юрист Клара Сооронкулова бул окуяда дипломду чакыртып алуунун өзү мыйзам бузуу экенин билдирди. 

«Мыйзамда «дипломду жокко чыгаруу» деген түшүнүк жок. Алгач аттестациялык комиссиянын чечимин жокко чыгаруу үчүн Нарматованы окууга мыйзамсыз киргизген аткаминерлердин күнөөсү аныкталып, өкүм чыгарылгандан кийин кызыктар адамдар сотко кайрылышы керек болчу. Ал эми сот комиссиянын чечимин мыйзамсыз деп тапкандан кийин гана БШК Нарматованы мандатынан ажыратуу маселесин кароого укуктуу эле» — деген Сооронкулова. 

«Соттун чечимисиз БШК депутатты мандатынан ажырата албайт»

Ал эми депутат Дастан Бекешев Боршайком Нарматованы соттун чечимисиз мандатынан ажырата албайт эле деген пикирде. Мыйзам боюнча депутаттын мандатын жокко чыгарыш үчүн алгач укук коргоо органдары иш козгоп, кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча сотко арыз менен кайрылат. 

«БШКнын Орозайым Нарматованы депутаттык мандаттан ажыратышы мыйзамсыз. Конституциянын 79-беренесинин 2-бөлүгүндө депутат качан мандатынан ажыратылышы боюнча толук тизме келтирилген. Ал азыр талапкер эмес, депутат. Негизи учурда депутаттардын диплому болушу керек деген талаптын өзү жараксыз болуп жатат. Менин штабымда ЖОЖду бүтө элек жаш жигиттер иштечү, бирок алар компьютердик сабаттуулугу, тил билүү жөндөмү жагынан көптөгөн чиновниктерден өйдө турчу. Бул талапты жокко чыгаруу керек, мен Нарматовага сотко кайрылып, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине даттанууну сунуштайм» — деген Бекешев.

Депутат кандай учурда мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажырайт?

Баш мыйзамдын  79-беренесинде Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун учурлары жазылган. Ага ылайык, депутат өз каалоосу менен арыз жазса же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылса, ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе, БШК 30 күндүн ичинде анын мандатын жокко чыгарышы керек. Ошондой эле мыйзамда белгиленген төмөнкү учурлар бар:

  • башка мамлекеттин жарандыгын алса;
  • депутаттык мандатты чакыртып алганда;
  • башка ишке өткөндө;
  • шайлоолор жараксыз деп табылганда;
  • туруктуу жашоо үчүн Кыргызстандан башка өлкөгө чыгып кеткенде;
  • бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себепсиз 10 жумуш күнү жок болгондо;
  • анын дайынсыз жок болгондугун же өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
  • депутат каза болгондо.

Нарматованын диплому

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматова 14-январда Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылган. Мекеме ал Жалал-Абад мамлекеттик университетинен алган дипломуна байланыштуу чакырылганын билдирген. Ошол эле күнү атайын кызмат Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен аталган окуу жайдын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

УКМК Нарматованын 2013-жылы орто кесиптик билими жөнүндө дипломунун негизинде дароо 3-курска «мыйзамсыз кабыл алынганы тууралуу» маалыматты парламенттик шайлоо учурунда алганын билдирген. Мындан тышкары, атайын кызматка «Орозайым Нарматова ЖАМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом берген ыктымалдыгы тууралуу да» белгилүү болгон.

Бул иш ушул боюнча токтоп калбастан УКМК Нарматованын атасы Көчкөнбай Нарматовду кызынын диплом маселеси боюнча суракка чакырган. Депутат өзү дипломуна байланыштуу тергөө адилеттүү жүрөрүнө ишене албасын билдирген. Ал шайлоого эки жолу катышканын, документтеринин баары БШКнын текшерүүсүнөн өткөнүн белгилеген. Нарматова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы каралоо аракети болгонун айткан.

19-январда Жалал-Абад мамлекеттик университети Орозайым Нарматова 2013-2017-жылдар аралыгында Филология факультетинин журналистика адистигин аяктап, жогорку билимди тастыктаган документке ээ болгонун билдирген. 

2021-жылы кабыл алынган жаңы Шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жогорку билимдүү болушу керек.

20-январда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) президент Садыр Жапаров атайын кызматка бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдорун жана жарандыгын текшерүүнү тапшырганын жарыялады. Анда бул жараян 24-январда башталып үч айга созулары, мамлекеттик мекеме-министрлик, текшерүү органдарда иштегендерден сырткары Жогорку Кеңештин депутаттарына да тиешелүү экени айтылат. Атайын кызмат жасалма документтери бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, бардык деңгээлдеги депутаттарды ээлеген кызматын өз ыктыяры менен бошотууга чакырды.

Буга чейин бийликтин кайсы өкүлдөрү «жасалма диплом чуусуна» аралашканын бул жактан окусаңыз болот.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 832 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо