
«Январь окуяларын» чагылдырып жүрүп, дайынсыз жоголгон журналист Махамбет Абжан табылды. Журналист 20-январда “Азаттыктын” кабарчысына эки апта бою башка шаарда жашырынып жүргөнүн, азыр аман-эсен, эркиндикте экенин айтты.
Абжандын билдиришинче, полиция аны «коргонууга укугу бар күбө» катары чакырган. Ал бул кылмыш иши боюнча маалымат бербөө тууралуу документке кол койгон.
4-январда Нур-Султан шаарындагы нааразылык акциясын чагылдырган Махамбет Абжан соцтармактардагы баракчасына 5-январга караган түнү үйүнө полиция кызматкерлери келгенин, ал эшикти ачпай койгондон кийин алар жарык менен интернетти өчүрүп салышканын жазган. 5-январда Махамбет Абжан жашаган үйгө барган «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчылары анын батиринин кире беришинде үч полиция кызматкери турганын көрүшкөн. Алар Абжандын батириндеги ызы-чууга даттанган тургундардын кыйрылуусу менен келгенин айтышкан. Бирок журналисттин коңшулары ызы-чуу полиция келгенден кийин гана башталганын билдиришкен.
6-январда журналист үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон дайыны чыкпай калган. 12-январда полиция Абжанды кармабаганын кабарлаган. Казакстан ИИМи жума башында журналистке иш козголбогонун билдирген.
Пикир калтыруу