«Алай» футбол клубунун мурдагы оюнчулары жол кырсыгынан каза болду

«Алай» футбол клубунун мурдагы эки оюнчулары Асадбек Алимов жана Жахонгир Махмудов Баткен-Ош жолундагы автокырсыктан каза болду. Маалыматты «Т-Медиага» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Кубанычбек Камчыбеков  тастыктады.

Футболчулар бара жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү машина «Хендай Портер» менен кагылышкан. Кырсык 20-январда кечке маал саат бештерде болгон. Азырынча жол кырсыгынын чоо-жайы белгисиз.

«Алай» клубунун маалыматына караганда, спортчулар ушул эле күнү Баткен облусуна барып «Нур-Баткен» футболдук клубу менен келишим түзүп, кайра Ош шаарына кайтып келаткан.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от FC ALAY (@fcalay_official)

Үрөй учурган жол кырсыктары

Кыргызстанда соңку жылдарда адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталып жатат. 2021-жылдын 16-ноябрында эле Кара-Суу районунда ири жол кырсыгынан 10 адамдын өмүрү кыйылып, 14 киши жараат алган. Андан мурдарак Таластагы бир күндө болгон аварияда тогуз киши набыт болгон. Бул жакынкы айларда эле болгон окуялардын курмандыктары.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда былтыр тогуз айда 5437 жол кырсыгы катталып, 600гө жакын адам көз жумду. Жабыркагандардын саны 8 миңден ашты. Ал эми 2010-жылдан бери өлкөдө 74 миңге жакын автокырсык болуп андан 11 миңден ашуун киши каза таап, 109 миңден көп адам ар түрдүү жараат алган. Ушул аралыкта 16 миңден ашык кырсык балдардын катышуусу менен болгон. Бул жалпы кырсыктардын 22,1% түзөт. Андан 1 306 бала мүрт кеткен.

Ал эми президенттин расмий сайтындагы маалыматта 2010-жылдан тартып республиканын аймагында 74 миңге жакын жолдогу кырсыктар катталып, андан 11 миңден ашуун киши каза болгону белгиленген.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 8-декабрында «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Аталган жарлык жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, жабыркагандардын санын, жол кырсыктарынын кесепеттерин азайтууга багытталган.

Автор Т-медиа 11149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*