Чаткалда кар көчкүдөн эки киши каза болду

Сүрөт: ӨКМ

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Буура — Чаткал жолунда кар көчкү түшүп, эки киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык кечээ, 21-январь күнү болгон. «Вертекс Голд Компани» ишканасынын кызматкерлери карды атайылап түшүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда көчкү эки кызматкерди басып калган.

Кабар түшөрү менен ӨКМден беш куткаруучу барган. Ал эми аталган компаниядан тартылган жүзгө чукул киши техникалар менен издөөгө катышкан. Натыйжада алардын биринин сөөгү саат 17:30дарда, экинчисиники 19:15 чамасында табылды.

Учурда каза болгон жарандардын сөөгү укук коргоо органына өткөрүлүп берилип, иликтөө иши уланууда

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*