
22-январга карата Кыргызстанда коронавирус 791 адамдан жаңы аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары. Борбор калаада соку сутка ичинде эле 488 адам илдетти жуктуруп алган.
Ал эми калган аймактар боюнча көрсөткүч төмөнкүдөй:
- Ош шаары – 7;
- Чүй облусу – 185;
- Ош облусу – 8;
- Талас облусу – 9;
- Нарын облусу – 7;
- Ысык-Көл облусу – 17;
- Жалал-Абад облусу – 39;
- Баткен облусу – 31.
Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч киши (Бишкектин, Таластын жана Ысык-Көлдүн тургундары) каза болгонун, алардын баары тең вакцина албагандар экенин билдирди.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуккандардын жалпы саны 194 миңден ашты, 2846 бейтап каза болду. 182 миңден ашык киши сакайып чыкты.
Ушул күндөрү 1129 бейтап ооруканаларда, 6697 адам үйлөрүндө дарыланууда. Ооруканадагылардын ичинен 62 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.
Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун «омикрон» штаммы катталганын, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген. Буга байланыштуу оору кескин көбөйгөн Бишкек «кызыл зонага» кирген.
Өкмөт оорунун белгилери бар жарандарды үйдөн чыкпоого чакырды. Дене табынын жогорулашы, кургак жөтөл, тамактын оорушу же ачышуусу, ичтин өтүшү, алсыроо, тердөө, муундардын сыздашы, булчуңдардагы оорушу байкалган жарандарга үйдө болуу, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн обочолонуу сыяктуу сунуштар берилген. Мындан тышкары суюктукту (суу, чай, компот) көп ичүү, парацетамол (чоңдорго жана өспүрүмдөргө) күнүнө 2-4 жолу (500 мг) же Ибупрофен (200-400) мг ар бир 4-6 саатта ичүү сунушталган.
Оставьте первый комментарий